Мадрид клубу Темирлан Султанбековдун бошотулушун карап чыгууга чакырды

  • 3 месяца мурун

Мадрид клубу — Club de Madrid (WYDE)  Темирлан Султанбековдун кармалышы боюнча билдирүү жасап, анын бошотулушун карап чыгууга чакырды.

Мадрид клубу дүйнөдөгү эң ири форумдардын бири болуп саналат жана мурдагы мамлекет башчылары менен өкмөт башчылардан турат. Клуб 70тен ашык өлкөдөн демократиялык жол менен шайланган 130дан ашык мурдагы президенттерди жана премьер-министрлерди камтыйт.

Мадрид клубунун негизги максаттары — демократиялык институттарды бекемдөө жана саясий конфликттерди чечүү боюнча консультация берүү, өзгөчө эки негизги багытта: демократиялык башкаруу жана жетекчилик, ошондой эле кризис жана кризистен кийинки абалдарга жооп берүү. Ассоциация диалогду жандандырат, көпүрөлөрдү түзөт жана мамлекеттик саясаттарды бекемдөөгө жана эффективдүү лидерликти өнүктүрүүгө багытталган адвокациялык иш-чараларга катышат.

Абактан кат: Темирлан Султанбеков ИИМ тараткан видеонун эки сааттык толук версиясын көрсөтүүнү өтүндү

Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган жаран С.Т. массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана С.Т. кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видеону таратты. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 22-ноябрда кечинде билдирди.

“Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык баш аламандыктарды уюштурууну көздөгөн деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Анын курамына саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, алар провокация жана күч кагылышуулары үчүн өз тарапташтарын, уюшкан кылмыштуу топторду жана спортткк бирикмелерди кошуп тарапкерлерин тартышкан” деп айтылат маалыматта.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кармалгандар: 1963-жылы туулган А. У., 1998-жылы туулган С.Т., 1979-жылы туулган А.Ш., 1983-жылы туулган Э.Э., 1984-жылы туулган М.Д., 1986-жылы туулган Ш.Т., 1993-жылы туулган А.К., 1993-жылы туулган А.уЭ., 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылы туулган К.К. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин  уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагыдепутаттары Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Эрмек Эрматов жана Урмат Барыктабасовдун бөгөт чарасы каралып, 17-январга чейин камакка алынды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 23-ноябрда кабыл алганы белгилүү болду.  

Социал-демократтар партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбеков Ички иштер министрлиги оперативдүү  тартылган деп көрсөтүп жаткан, өзүнүн сүйлөгөн сөзү бар видео монтаждалган экенин билдирип, анын эки сааттык толук версиясын көрсөтүүнү суранды. Султанбековдун абактан жазган катын апасы Кыял Токторбаева Фейсбук баракчасында жарыялады.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты