Өмүрбек Бакиров депутаттык мандаты боюнча Жогорку Сотко кайрылат

  • 9 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров өзү шайланып келген 4 КөкЖар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечим боюнча Жогорку Сотко кайрылат. Бул тууралуу 31-июлда «Азаттыкка» билдирди.

«Мен сот процесси болгон учурда эс алууда болчумун. Бишкек шаардык соттун ушундай чечим чыгарганын кийин билип калдым. Биз адвокат менен акылдашып, Жогорку Сотко да кайрылабыз. Жалпы иш боюнча азырынча комментарий бербей турайын» деди ал.

26-июлда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу тууралуу Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган.

7-июнда Бишкектин административдик соту №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Саясий жарышка жалпы жети талапкер катышкан.

Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

Өмүрбек Бакиров былтыр декабрда «Азаттыкка» берген комментарийинде соттун Равшанбек Рысбаевдин арызын канааттандырып койгонун «мыйзамсыз» деп сыпаттаган.

Муну Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Өмүрбек Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты