Ошто билет сатуудагы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жарандарды алдап, пландаштырылбаган концертке билет сатып жүргөн жаран кармалды.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (ИИБ) билдирди.  

Маалым болгондой, Ош шаарында 1989-жылы туулган, учурда ар кайсы даректе жашап жүргөн М.С. Ош шаарынын аймагында жабырлануучу жарандан “Өзбекстандын эстрада жылдыздарынын концертин Ош шаарында уюштураарын, түшкөн каражатты бөлүшөөрүн айтып алдап, 10 миң АКШ доллар акчасын накталай алып, убадасына турбай изин жашырып кеткен.

Андан сырткары, 2026-жылдын август айында интернет социалдык тармактары (Инстаграм, Фейсбук, Телеграм) аркылуу 26-сентябда Ош шаарынын Бабур театрында Өзбекстандын эстрада жылдыздары катышкан чоң шоу концерт болот” деп жарнама кылып, ар бир билеттин баасы 2000-4500 сомдон сатып, жараандарды алдап качып кеткен.

Арыз менен кайрылган жарандардын саны 9 адамга жетти. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн баш коргоо чарасы 19-сентябрь күнү Ош шаарынын сотунда каралып, 2 айга абакта кармоо чечими чыкты.

Сүрөттө: шектүү М.С

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты