“Өлсөк чогуу өлөбүз”. Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева ачкачылык жарыялады

  • 1 год мурун

Камакта жаткан Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева бүгүн 13-марттан баштап ачкачылык жарыялаганын маалымдады.

Бул тууралуу ал Тенгиз Бөлтүрүктүн Фейсбук баракчасында билдирди.    

-Мен, Тенгиз Бөлтүрүктүн жубайы, Ильмира Алпысбаева бүгүн, 13-марттан баштап ачкачылык жарыялайм. Анын себеби менин күйөөмө үй камагыныноор түрүн да бербей жатышат.  Ага өзүн коргоого мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Дарыланууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Балдар менен бир болууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат.

Эгер мага күйөөмсүз өмүр бою жаша десе, мен аны менен бир ирмем болсо да бирге жашайм, -демекмин -деди ал.  

2022-жылдын 11-февралында Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине башкаруучу болуп бекитилген. Ошол эле учурда ал “Кумтөрдөн” айлык акы алып турган.  2022-жылдын февраль айынан июнь айына чейин Бөлтүрүк 110, 7 миң доллар сый акы алгандыгы Эсеп палатасынын отчетунда айтылат.  

Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Эсеп палатасы аудитинде манипуляцияга, фактыларды бурмалоого жол бергенин билдирди.
“Эсеп палатасынын отчету коомдук аң-сезимди манипуляциялоого, президент Садыр Жапаровго Теңгиз Бөлтүрүктүн күнөөлүү экенин жасалма көрсөтүүгө багытталган. Бөлтүрүктүн аракетинде кылмыштын курамы жок жана бул жагдайды биз кайсы гана сотто болбосун, далилдей алабыз,-деп жазган Абакиров.

Эсеп палатасы 3-февралда “Кумтөр” компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин, Бөлтүрүк жетектеп турган учурда корогон каражат, чыгымы тууралуу отчет жарыялаган.

Тенгиз Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында убактылуу камакка алынган.

Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда,  акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.

Буга чейин «Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты