Сузакта 28 жаштагы келинди өлтүрүүгө күйөөсү шектелүүдө

  • 4 недели мурун

2026-жылдын 3-январь күнү Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө (ИИБ) 1990-жылы туулган тургун чалып, ал ошол күнү 19:55 чамасында 1997-жылы туулган жубайы менен өз ара пикир келишпестиктен улам, аны өлтүрүп койгонун билдирген.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Аталган маалымат Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ), Сузак райондук ИИБ жетекчилиги жана райондук прокуратуранын өкүлүнүн катышуусунда окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, далил буюм катарында аш бычагы алынган. 1997-жылы туулган Т.Р.кызынын сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маркумдун күйөөсү, 1990-жылы туулган Д.Я. Россияда эмгектенип жүрүп, 2026-жылдын 2-январь күнү үйүнө кайтып келгендиги жана жубайы 1997-жылы туулган Т.Р. кызы менен пикир келишпестиктен улам, аш бычак менен бир нече жолу көкүрөк тарабына сайып өлтүргөндүгү маалым болгон.

2026-жылдын 4-январь күнү кылмышка шектүү, 1990-жылы туулган Д.Я. Сузак райондук соту тарабынан камакка алынган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты