Токмок шаарында жарандык жолдошун өлтүрүүгө шектүү аял кармалды
- 2 месяца мурун
Токмок шаарында жарандык жолдошун өлтүрүүгө шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирди.
15-мартта болжол менен саат 06:47 чамасында Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) нөөмөт бөлүмүнө Токмок шаарынын 3-кичи районундагы батирде эркек киши бычактан жаракат алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге Токмок ШИИБдин тергөө тобу барганда, 1980-жылы туулган М.Б. аттуу жарандын сөөгү табылган.
Бул факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (Адам өлтүрүү) ылайык, кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда, 1974-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран шектүү деп табылган. Алдын ала маалымат боюнча, экөөнүн ортосунда чыккан чыр чыгып, К.Ж. ашкана бычагы менен көкүрөк тушка урганда, күйөөсү окуя болгон жерде каза болгон.
Тиешелүү соттук-укуктук экспертиза дайындалган. К.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө улантылууда.
Сүрөт: Чүй ОИИБ




