Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядагы зилзала болгон аймакта жардам берүүдө

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын зилзала болгон аймагында куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат. 9-февралда эртең менен алар урандылардын алдынан 19 кишинин сөөгүн табышты.

Бул тууралуу КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 6-февралда кыргызстандык куткаруучулар катуу жер титирөө катталган Түркияга кыргызстандык 63 куткаруучу жардамга жөнөтүлгөн.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

 Акыркы маалыматтарга караганда, Түркияда жана Сирияда зилзалада каза тапкандардын саны 12 миңден ашты.

Сүрөт: КР ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты