Нарын облусунда 5 баллдык жер титирөө катталды

  • 3 недели мурун

Бүгүн, 20-июлда, түнкү саат 2:40та Нарын облусунда 5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.  

Жер титирөөнүн очогу Нарын шаарынан 30 чакырым алыс, Оттук айылына 5 чакырым жакын жерде болду.

Жер титирөөнүн күчү Оттук, Казан-Куйган айылдарында 5 баллга жакын, Жерге-Тал, Кызыл-Жылдыз, Эчки-Башы, Эмгекчил айылдарында — 4 балл, Куйбышев, Шоро, 8-март, Ак-Талаа, Достук, Жан-Булак, Миң-Булак, Жалгыз-Терек, Орто-Саз, Ак-Кыя, Орто-Нура, Кеңеш айылдарында, Нарын шаарында 3 балл, Сары-Иймек, Кара-Ой, Жылан-Арык, Куланак, Учкун, Таш-Булак, Ийри-Суу, Эки-Нарын, Таш-Башат, Ак-Муз, Ак-Моюн айылдарында 2.5 балл болду.

Баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты