Зилзала: Түркиянын жабыркаган аймактарында талаа госпиталдары уюштурулду

  • 1 год мурун

Түркиянын саламаттык сактоо министрлиги зилзала болгон 10 аймакта 77 талаа госпиталын уюштурду. Анда жабыркагандарга тез жардам көрсөтүлүүдө.

Бул тууралуу Твиттерде Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреддин ходжа билдиргенин Анадолу агенттиги жазды.

“Аларда тез жардам көрсөтүлүүдө, айрымдарында операция да жасалууда. Зилзаладан жабыр тарткандарга талаа госпиталында жардам берилүүдө. Ал эми зарыл учурларда вертолет менен ооруканаларга жиберилүүдө” деп билдирди министр.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.  

Акыркы маалыматтарга караганда, Түркияда жана Сирияда зилзалада каза тапкандардын саны 12 миңден ашты.   

Сүрөт: Анадолу агенттиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты