Таласта Ералхан Абилдаев атындагы «Акылман» лицейинин ачылышы болду
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар, Фоторепортаж
Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы Ералхан Абилдаев атындагы “Акылман” лицейинин ачылышына катышты. Президент лицейдин ачылышда жаш муундардын билим алуусун колдоп келаткан меценат Болот Ералханович Абилдаевге ыраазылык билдирди.
Комплекстин аймагында окуу корпусу, жатакана, футбол талаасы, жеңил атлетика, баскетбол жана волейбол аянтчалары, ошондой эле воркаут аянты жайгашкан.
Имаратта 19 окуу кабинети, 4 лаборатория, кол эмгек жана көркөм сүрөт бөлмөлөрү, медициналык кабинет, 300 орундуу конференц-зал, китепкана, ашкана жана спорт зал бар.
Президент Садыр Жапаров белгилегендей, заманбап окуу жайдын курулушу мамлекет менен меценаттардын биргелешкен аракетинин натыйжасы болду.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров Талас шаарында бир нече социалдык объекттин ачылышына өзү катышып, аларды салтанаттуу түрдө ишке киргизди.
Жалпысынан 34 мектеп, 28 бала бакча, 12 спорттук имарат, 9 саламаттык сактоо мекемеси, 9 маданий объект, 11 административдик имарат жана башка багыттагы 2 объект пайдаланууга берилди.
Ошол эле учурда онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди.


Оңдо биринчи — Болот Абилдаев. «Газпром Кыргызстан» ААК башкы директору.




Сүрөттө: president.kg




