Кыргызстан жана Пакистан вице-премьерлери Улуттук госпиталда жаткан пакистандык студенттин абалын көрүп чыгышты

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 21-майда Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар менен жолугушту.

Бул тууралуу МинКаб басма сөз кызматы кабарлады.

Исхак Дар Бишкекке Астанадан келе жаткан сапарында кыска мөөнөткө токтогон.   

Алар Улуттук госпиталда жаткан пакистандыктын абалын көрүп чыгышты.

“Бул кризис биздин жакындыгыбызды жана эки элдин ишенимин сынап көрдү. Биз эки өлкөнүн мындан аркы тыгыз байланышына дагы иштиктүү чараларды көрүшүбүз керек” деп билдирди Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Байсалов Пакистандын өкүлүн Кыргызстанда чет элдик студенттерге сый мамиле жасаларына ишендирип өттү жана жакында болгон окуянын күнөкөрлөрү жазасын алаарын кошумчалады.  

Тараптар мындан ары эки өлкөнүн ортосундагы маданий- гуманитардык, соода-экономикалык мамилелерди чындоо тууралуу пикир алышты.   

Буга чейин Пакистандын тышкы иштер министри Астанадагы ШКУ жыйынынан кийин Исламабадга бара жатып, Бишкекке кыска мөөнөткө токтоп өтөрү маалымдалган.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-майда кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкекте Атай Огонбаев атындагы жатаканада жашаган чет элдик студенттерди 13-майда карактоого шектүүлөр камакка алынды.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 20-майда кармалган чет өлкөлүк төрт жаран үй камагына чыгарылды.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты