Кыргызстан-Кытай: Пекинде бир катар документтерге кол коюлду

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 5-февралда, президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагында төрага Си Цзиньпин менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды. Мындан тышкары, бир катар документтерге кол коюлду.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Андагы маалыматта айтылгандай, бир катар документтерге кол коюлду Анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүсү/декларациясы, Министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы “Бир алкак, бир жол” демилгесинин курулушун жана 2026-жылга чейин улуттук өнүктүрүү программасын байланыштырып, биргелешип алдыга жылдыруу боюнча кызматташуу программасы, Министрлер кабинети менен Кытай өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу жана башка бир катар документтерге кол коюлду.

Бүгүн, 5-февралда, Пекин шаарында президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Кытайга сапарынын алкагында мамлекеттик кеңештин премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 

Президент Жапаров 4-февралда мамлекеттик сапар менен Пекин шаарына барды.

Ошондой эле Садыр Жапаров Харбиндеги IX кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты