Президент Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барды

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен Пекин шаарына барды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Маалыматта айтылгандай, Пекин шаарындагы «Шоуду» эл аралык аэропортунда мамлекеттик туулар илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Президент Садыр Жапаровду Кытайдын турак жай, шаар жана айыл курулуш министри Ни Хун жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын программасына ылайык эртең, 5-февралда, Пекин шаарында Садыр Жапаров КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин, ошондой эле КЭРдин мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян жана КЭРдин эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын жүрүшүндө бир катар маанилүү өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюу, баары камтылган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө эки мамлекеттин биргелешкен декларациясын кабыл алуу пландаштырылууда.

Мындан тышкары президент Садыр Жапаров Харбиндеги IX кышкы Азия оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы / Султан Досалиев

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты