Президент Жапаров Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда, Кытайга сапарынын алкагында мамлекеттик кеңештин премьери Ли Цян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Маалыматта айтылгандай, алар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечегин, ошондой эле энергетика, инфраструктура, транспорт жана жогорку технологиялар жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Санариптештирүү, кайра жаралуучу энергия жана өнөр жай секторундагы биргелешкен долбоорлор боюнча өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ли Цян Кытай Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүктү жогору бааларын жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даярдыгын айтты. Ал биргелешкен инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун маанилүүлүгүн баса белгилеп, өлкөлөр ортосундагы транспорттук байланышты өнүктүрүүнү колдоорун билдирди.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Кытайдын акыркы он жылдыктардагы таасирдүү жетишкендиктерин атап, алар аркылуу өлкө тез өсүүнүн, технологиялык прогресстин жана жалпы гүлдөп-өнүгүүнүн символу болгонун айтты. Ал төрага Си Цзиньпиндин жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан реформа жана ачыктык саясаты, ошондой эле «Бир алкак, бир жол» демилгеси эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы «Бир алкак, бир жол» демилгеси менен шайкеш айкалышып, сооданын өсүшү, инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн кеңири перспективаларды түзүп жатканын белгиледи.
«Акыркы бир нече жыл ичинде биз эки тараптуу кызматташуубузду активдештирдик. Жогорку жана бийик деңгээлдердеги эки тараптуу сапарлар, эбегейсиз чоң долбоор — «Кытай — Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун башталышы, үчүнчү «Бедел» өткөрмө пунктунун ачылышы, өз ара сооданын көлөмүнүн өсүшү буга далил болуп саналат. Экономикалык кызматташтык үчүн жакшы келечеги бар бир катар биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке киргизилди» деди президент.
Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да бекемдөөгө ишенимин билдиришти.
Сүрөт: president.kg