Президент Жапаров Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 5-февралда, Пекин шаарында президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарованы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюань тосуп алды.

Өз ара саламдашуу жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин мамлекет башчылары жана алардын жубайларына делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды.

Андан кийин оркестрдин коштоосунда Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң өлкөлөрдүн лидерлери Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, түзүмдү кыдырып өтүштү.

Садыр Жапаров жана Си Цзиньпин сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты