Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам көрсөтөт

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Тышкы иштер министрлиги менен бирге Иранга 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек камтылган гуманитардык жардам жеткирет.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.  

Жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гуманитардык жардамдын ичинде ун, эт консервалары, өсүмдүк майы жана керектүү дары-дармек каражаттары ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасына жүктөлүп, Иранга жеткирүүгө жөнөтүлдү.

Бул кадам жабыр тарткан жарандык калкка жардам көрсөтүүгө багытталган. Аталган жүк Ирандагы элчи Акылбек Кылычевдин катышуусунда жеткирилип, Иран тарапка тапшырылат.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты