«Кыргызиндустриянын» экс-директору жана орун басары эки айга камалды
- 10 месяцев мурун
Бишкектин Биринчи май райондук соту «Кыргызиндустрия» ишканасынын мурдагы башчысы Жарасул Абдураимов менен анын орун басарын эки айга камакка алуу чечимин кабыл алганын адвокат Таалай Эргешов 26-январда “Азаттыкка” билдирди.
“Кыргызиндустриянын” мурдагы жетекчилеринин иши Биринчи май райондук сотунда 25-январда каралганы жана 24-мартка чейин камакка алынганы кабарланды. Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалды.
Адвокат Эргешов аларга кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренесинин экинчи бөлүгү менен айып коюлуп жаткандыгын билдирди.
«Кыргызиндустрия» ишканасынын мурдагы жетекчиси менен вице-президенти мамлекеттик бюджеттен ишкана үчүн бөлүнгөн каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча коррупциялык схеманы түзүшкөн деп шектелип кармалган.
Маалыматта айтылгандай, «Кыргызиндустрия» ААКынын жетекчилерине кылмыш ишинин козголушуна Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдары негиз болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 2021-жылы Министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн «Кыргызиндустрияга» 2022-2024-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджеттен 2,3 млрд сом бөлүнгөнү, бирок бул бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды аталган ишкананын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, туунду компаниялар аркылуу ыйгарып алуу жана коротуу үчүн коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталган.
УКМКнын маалыматы боюнча, «Кыргызиндустриянын» жетекчилиги жана аларга жакын кызматкерлер бир эле учурда туунду компанияларда да кызмат орундарын ээлеп, эмгек акы алып келишкен.
Мындан улам, «Кыргызиндустрия» ААКнын мурдагы президенти А.Ж. жана вице-президенти Б.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.
«Кыргызиндустрия» ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов 24-январда кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




