«Кыргызиндустриянын» жетекчиси алмашты
- 11 месяцев мурун
«Кыргызиндустрия» ишканасынын жетекчиси Жарасул Абдураимов кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ишкананын жетекчилик кызмат ордуна Алманбек Исмаилов дайындалды. Исмаиловду «Кыргызиндустриянын» эмгек жамаатына Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Алмазбек Примов тааныштырган.
Жарасул Абдураимов аталган ишканага 2022-жылдын январында дайындалган эле.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү




