«Кыргызиндустриянын» жетекчилери ири коррупциялык схема түзүүгө шектелип, кармалышты
- 2 месяца мурун
«Кыргызиндустрия» ишканасынын мурдагы жетекчиси менен вице-президенти мамлекеттик бюджеттен ишкана үчүн бөлүнгөн каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча коррупциялык схеманы түзүшкөн деп шектелип, кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, «Кыргызиндустрия» ААКынын жетекчилерине кылмыш ишинин козголушуна Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн аталган ишкананын ишмердигин текшерүүнүн материалдары негиз болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгында, 2021-жылы Министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн «Кыргызиндустрияга» 2022-2024-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджеттен 2,3 млрд сом бөлүнгөнү, бирок бул бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды аталган ишкананын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, туунду компаниялар аркылуу ыйгарып алуу жана коротуу үчүн коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталган.
«Алсак, 2022-жылдан 2024-жылга чейин «Кыргызиндустрия» ААК тарабынан 40тан ашык чыгашалуу ишканалар түзүлгөн жана каржыланган, аларга бөлүнгөн финансылык салымдар кайтарылгыс болуп калган.
Алгачкы тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында «Кыргызиндустрия» ААКнын жетекчилиги мыйзамсыз баюу, өздөрүнө жана жакын туугандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп айтууга болот. Анткени компаниянын түзүмүндө жетекчилик кызматтардын негизсиз көп саны каралып (75 кызматкердин ичинен 33ү жетекчи), аларга эмгек акылары жогору болгон туугандары, достору жана жакын санаалаштары дайындалган»,- деп айтылат маалыматта.
УКМКнын маалыматы боюнча, «Кыргызиндустриянын» жетекчилиги жана аларга жакын кызматкерлер бир эле учурда туунду компанияларда да кызмат орундарын ээлеп, эмгек акы алып келишкен.
Мындан улам, «Кыргызиндустрия» ААКнын мурдагы президенти А.Ж. жана вице-президенти Б.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.
Эске салсак, кечээ 24-январда «Кыргызиндустриянын» буга чейинки жетекчиси Жарасул Абдураимов кызматтан кетип, анын ордуна Алманбек Исмаилов дайындалган. Бул тууралуу Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирип, Абдураимовдун кызматтан эмне себептен кеткенин ачыктаган эмес.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы