Кыргыз-тажик чек ара келишимин юридикалык жактан бекемдөөчү грамоталарга кол коюлду
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 31-мартта, президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Худжанд шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюу аземине катышты.
Бул тууралуу КР президентинин сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, ратификациялык грамоталар эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдейт жана чек араны толук демаркациялоо, чек ара инфратүзүмүн модернизациялоо жана чек арага чектеш райондордо ынак коңшулаштыкты чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзөт.
Мамлекет башчылар бул келишим эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бекем пайдубалы болорун белгилешти.
Буга чейин президент Садыр Жапаров “2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын өтүшүн аныктоо максатында жана 2025-жылдын 13-мартында Бишкек шаарында кол коюлган кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы келишимди таануу жана ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу үчүн иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Сүрөт: president.kg