Литва менен Беларусь чек ара өткөрүү жайларынын иши убактылуу токтогон. “Мядининкайда” өзгөчө учурлар каралган
- 1 месяц мурун
Литванын Министрлер кабинети 2025-жылдын 29-октябрынан 30-ноябрына чейин Беларусь менен «Мядининкай» жана «Шальчинкай» аттуу эки чек ара өткөрмө пунктунун ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, ошол эле учурда, «Мядининкай» өткөрүү пунктунан өтүүгө уруксат берилген төмөнкү категориядагы адамдар үчүн өзгөчө учурлар каралган:
— дипломатиялык кызматкерлер жана дипломатиялык почта жеткирип жаткан адамдар;
— Калининград шаарына транзит менен же Калининграддан келе жаткан адамдар;
— Литванын жана Европа Биримдигинин (ЕБ) өлкөлөрүнүн жарандары, ошондой эле
Литвада убактылуу жашоого уруксаты жана гуманитардык визасы бар чет өлкөлүк жарандар «Мядининкай» өткөрүү пункту аркылуу Литвага кайтып келе алышат.
ТИМ Литвада жайгашкан Кыргыз Республикасынын консулдук колдоого муктаж болгон жарандарына төмөнкү «ыкчам байланыштар» аркылуу кайрылууну сунуштады: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаменти +996 999 312 002 жана Беларусь Республикасындагы (Минск) Кыргыз Республикасынын элчилиги: +375 25 904 54 10, электрондук почтасы: [email protected].
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




