Чек арадан мыйзамсыз товар алып кирүү боюнча Кыргызстан жана Кытай жарандары кармалды
- 1 месяц мурун
- Видео
Баткен облусунун Лейлек районунан чек ара аркылуу Тажикстан аймагына тиричилик техникасын жана керектөө товарларын аткезчилик жолу менен чек ара аркылуу мыйзамсыз алып кирүү максатында Тажикстандын, Кыргызстандын жана Кытайдын жарандарынан түзүлгөн уюшкан топ аныкталды. Болжол менен 29 миллион сомдук аткезчилик товарларын чек арадан өткөрүү боюнча 12 адам кармалды.
Улуттук коопсуздук малекеттик комитети (УКМК) Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өзгөчө ири көлөмдөгү керектөө товарларын жана тиричилик техникасын камтыган аткезчилик товарларын ташуу каналына бөгөт коюлгандыгын билдирди.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү, уюшкан топ тарабынан (чек ара аркылуу) же кылмыштуу коомчулуктун курамында жасалган экономикалык аткезчилик боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Тажикстан аймагына тиричилик техникасын жана керектөө товарларын аткезчилик жолу менен чек ара аркылуу мыйзамсыз алып кирүү максатында уюшкан топ түзгөн Тажикстандын, Кыргызстандын жана Кытайдын жарандары аныкталды.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, болжол менен 29 миллион сомдук аткезчилик товарларын чек арадан өткөрүү боюнча 12 адам кармалды.
Кытай жараны Л.Ц.Ф. жана КР жарандары И.А.И, Т.А.К.,Т.У.М., А.К.К., О.Ш.К., С.А.К., У.у.М., Г.У.Т., С.И.А., Т.Т.А., жана Т.Д.Э. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Сүрөттө: Аткезчилик товарлары. УКМК басма сөз кызматы




