Баткенде чек ара айылдарынын тургундары ӨКМ тарабынан көчүрүлүүдө
- 1 месяц мурун
Чек ара айылдарынын элин көчүрүү иштери башталды. Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) атайын техникалары менен кошо куткаруучулар тартылууда.
Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Айтбаев баштаган өздүк курамдын күчү менен Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Достук жана Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарынын айрым участкаларында көчүрүү иштери жүрүүдө.
Азыркы тапта башкармалыктан жана Баткен шаары, Баткен району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, ошондой эле Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын куткаруучулары чек ара айылдарында жумуш алып барууда.
19-мартта Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда бир карап, колдоду.
Добуш берүүгө жалпы 85 депутат катышты. Депутат Султанбай Айжигитов «каршы» деп добуш берди. Калганы «макул» деп добуш берди.
Президент Садыр Жапаров мындан «Кабар» маалымат агенттигине кыргыз-тажик чек ара маселеси толук чечилгени жана ал кандай шарттарда чечилгени тууралуу маек берген. Ал маегинде талаш болуп келген жерлер эки өлкө ортосунда теңме-тең бөлүштүрүлгөнүн билдирди.
«Андан сырткары чектеш айылдарыбызда шахматтын доскасы сыяктуу жайгашып калган үйлөр бар. Аларды да түздөп сыздык. Антпесек чек ара кайтарууда эки тарапка тең абдан ыңгайсыздык жаратат. Эгер биз тарапка өтүп калган Тажикстандын үйлөрү болсо, тажик тарап аларды көчүрүп кетет, эгер биздин тажик тарапка өтүп калган үйлөрүбүз болсо, биз көчүрүп кетебиз. Башка жерге үй салып беребиз. Жер аянттарынын көлөмүн да эске алдык. Кыскасы, ар бир огороддун бир метр жерин эсепке алуу менен маселелер чечилди. Демаркация иштери жүрө баштаганда, толук маалымат алышат» деди Садыр Жапаров.
Сүрөт: ӨКМ




