Куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 14-июнда, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлык тапшыруу салтанаты өттү.

Анда Президент Садыр Жапаров куткаруучуларга куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

«Сиздерге ар кандай кырдаалдарда адам өмүрлөрүн сактап калууда, болушу мүмкүн делген табигый кырсыктардын алдын алууда күнү-түнү даяр, деп элибиз чоң ишеним артат!» деп баса белгиледи

Февраль айынын башында жер титиреген күнү  67 куткаруучубуз Түркияга жөнөсө, ага удаа 110у  жардам берип келишкен.

Биздин куткаруучулар 13 күндөн кийин, тагыраак айтканда, 296 саааттан кийин дээрлик тирүү адам жок деп изделбей турган урандылардын алдынан толугу менен бир үй-бүлөнү таап, 3 адамдын өмүрүн сактап калышты.

15 күндө урандылардын алдынан жалпы 8 адамдын өмүрүн куткарып, 198 адамдын сөөгүн чыгарып туугандарына тапшырып беришти.

Анан соң өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды. Сыйлангандардын тизмеси бул шилтемеде.

Куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) издөө-куткаруу топтору Түркиядагы куткаруу иштеринин жүрүшүндө урандылардын алдынан 8 тирүү адам жана 198 каза болгондордун сөөгүн чыгарышкан.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты