«Курулуп жаткан үйлөр массалык түрдө бериле баштайт». Садыр Жапаров МИК саясаты тууралуу

Садыр Жапаров мамлекеттик ипотекалык компаниянын саясаты тууралуу «Кабар» агенттигине маек берди.

— Бүгүн МИК “Кыргызкурулуш” мамлекеттик компаниясы жана жеке компаниялар менен бир бааны коюп, курулушту «под ключ» бүтүргөнгө келишим түзүп, үйлөрдү салдырып жатат. Мисалы Чүй облусу жана Бишкек шаарында үйлөр бир чарчы метри 650 доллардан курдурулуп жатат. Ал эми Талас, Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында болсо 700 доллардан курдуруп жатышат. Себеби бул аймактарга арматура жана башка курулуш материалдарын Бишкектен ташып барышат. Ошол үчүн бул аймактарда бир чарчы метри 50 долларга кымбатыраак. Бул суммага жеке ири курулуш компаниялар макул болбой коюшуп, “Кыргызкурулуш” мамлекеттик компаниясы менен куруп жатабыз. Дагы 2-3 жеке компанияга суранып жатып курулуш иштерин тапшырдык. Анткени ири курулуш компаниялары «под ключ» 1000 доллардан кем эмес курабыз деп баш тартышты,-деди мамлекет башчы.

Президент эмнеге курулуш компанияларын жалдап жатканына мындайча токтолду:

-Себеби мамлекеттик компания жалгыз жетишпейт. Анткени өлкө боюнча курулуштар массалык түрдө жүрүп жатат. Бир чарчы метрин жогорудагыдай бааларга куруп беребиз деген жеке курулуш компаниялар болсо, МИКке келгиле. Курулуш иштерин бергенге даярбыз -деди Жапаров.

МИКтин ипотекага берген үйлөрүнүн баасы боюнча буларды белгиледи:

-Ал эми эмне себептен элге бул суммадан кымбатыраак берилип жатканын түшүндүрүп берейин. Мисалы “Мурас” кичи районунда элге 750 доллардан берилди. 100 доллар МИКтин пайдасында калды. Калыш керек. Себеби МИК батир алган элди 25 жыл бою тейлейт, жумушчуларга эмгек акы берет, инфляция болот дегендей. МИКтин мындай үстүнө кошуусу үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Мисалы Бишкекте «золотой квадратта, престиждүү» райондордо болсо, албетте, 750 эмес, андан кымбат болот.

-Эми батирдин жарымын төлөп жарымын 15 жылга алгандарга токтолоюн. Бул программа кезекте тургандарга тиешеси жок. Өзүнчө программа. Мисалы бош жаткан жерге нөлдөн баштап батирлер салына баштайт. Ал батирлерди 50 пайызын алдын ала төлөгөндөр алат. Төлөнгөн акча кайра ошол эле батирлерди курууга жумшалат. Батирлердин баасы жогоруда айтканымдай үйлөрдүн жайгашкан райондоруна жараша болот. Бирок баары бир жеке курулуш компаниялардын баасынан ылдый болот. Мисалы Бишкектин «престиждүү» райондорунда жайгашкан жеке компаниялар бүгүнкү күндө бир чарчы метрин ремонту жок (под ключ эмес) 2000 миң доллардан сатып жатышат. Ал эми МИК болсо дал ошондой эле батирлерди батирдин жарымын алдын ала төлөгөндөр үчүн 1400 доллардан «под ключ» берип жатат. Кезекте турган социалдык муктаждарга мындан да ылдый баада берилет. Ошол үчүн МИКтин саясаты карапайым калкты үйлүү кылуучу социалдык саясат,- деди Садыр Жапаров.

 МИКтин башкаруу системасы толук санариптешкен. Кезекте тургандар онлайн түрдө өз кезектерин карап турушат. Эч ким бирөө-жарымды секиртип барып алдына коюп коё албайт.

Финансылык көзөмөл да электрондошкон. Эч ким акча уурдай албайт. Уурдаса баары бир кийин көрүнүп калат.

Кезекте тургандарга айтарым, бир аз чыдап тургула. Курулуп жаткан үйлөр жакын арада массалык түрдө бериле баштайт. Ошондо 5-10 дон алдыга жылбайсыңар. Миңдеп жыласыңар. Миңдеген кезекте тургандарга бир күндө батирлер берилет. Жөнөкөй тил менен айтсам «оптом» жыласыңар.

Бүгүнкү күндө МИКтин уставдык капиталы бир миллиард долларга жетип калды. 2027-жылга чейин 1,5 миллиард долларга жетет. Бул эзели түшкө кирбеген сумма.

МИК бардык кичи шаарларга, бардык райборборлорго көп кабаттуу үйлөр салынып бүткөндөн кийин айылдарга киришет. Кимде ким жаңы үй салабыз же эски үйлөрүн жаңылайбыз дешсе, эски үйлөрүн бузуп салып, жаңы үйлөрдү салып беришет. Мөөнөтү 25-30 жыл. Келечектеги пландар мына ушундай,-деди маегинде президент.

Буга чейинки маегинде президент убагында бир ай төлөй албаса да, батири башкага берилип кетээрин билдирген:

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып батир алгандарга кайрыла кетейин. Өзүнүн чама-чаркына карабай эле, дароо 3 бөлмөлүү батир алгандар бар экен. Жумушу туруксуз, айлыгы аз болсо деле дароо 3 бөлмөлүү батир алып албай, алыңарга карап алгыла. Турак үйдү кеңейтүү программасын да киргизгенбиз. Биринчи бир бөлмөлүү алгыла. Аны төлөп бүткөндөн кийин аны алмаштырып кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгүңөр бар. Эки бөлмөлүүгө алмаштырсаңар болот. 2 бөлмөлүүнү төлөп бүткөндөн кийин анан 3 бөлмөлүүгө алмаштыргыла. Кыскасы бардык жеңил жана ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик. Эми батир алгандар силер дагы кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акчалар башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет» деди президент.

2024-жылы 24-декабрда Бишкек шаарында жайгашкан жаңы «Мурас» турак жай комплексинин ачылыш аземи болду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты