“Ипотекалык батир алуу үчүн кезек алмашып кеткендигине нааразы болгондор жок эмес”. Президенттин буга жообу
- 1 месяц мурун
Жакында президент Садыр Жапаров жарандарга ипотекалык батирдин ачкычын тапшырды. Бирок ошол эле убакта ипотекалык батирлерди алуу үчүн кезек алмашып кеткендигине нааразы болгондор жок эмес. “Кабар” агенттигине берген маегинде Садыр Жапаров буга жооп берди.
-Мурда ипотека аркылуу 30 пайызын дароо төлөп, калганын 10 жылга 14 пайыз менен үй алышса, азыркы учурда 4 пайызга түшүрдүк. Алдын ала төлөм жок эле мөөнөтүн 25 жылга жылдырдык. Буга чейин ипотеканын 30 пайызын дароо төлөш керек болчу. Калган суммасын 14 пайыз менен 10 жылга эле берилчү.
Чын чынына келгенде жөнөкөй калк менен мамлекеттик кызматкерлер мындай шарт менен үй ала алышчу эмес. Ошонун баарын жоюп, карапайым калк менен мамлекеттик кызматкерлерге жеткиликтүү кылдык. Мисалы, колунда бир аз акчасы бар, бирок үй ала албай жүргөн жарандарыбыз үчүн да өзүнчө эреже киргиздик. 50 пайызын дароо төлөп, 8 пайыз менен 10-15 жылга алышса болот. Бул жакшы шарт. 1-1,5 жылда эле куруп беребиз. Келечекте шарты жок, бирок үйгө муктаж болгон карапайым калкты 25 жылдык мөөнөт менен алдын ала төлөмү жок толук камсыз кылабыз. Бирок кичине убакыт керек.
Келе жаткан жылы дагы 10 миңдеген үй-бүлөлөр үй алышат. Азыр үйлөрдү жапырт түрдө салып атабыз. Ушунун баары жакын арада бүтөт, -деди мамлекет башчы.
Ошондой эле президент убагында бир ай төлөй албаса да, батири башкага берилип кетээрин билдирди:
«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып батир алгандарга кайрыла кетейин. Өзүнүн чама-чаркына карабай эле, дароо 3 бөлмөлүү батир алгандар бар экен. Жумушу туруксуз, айлыгы аз болсо деле дароо 3 бөлмөлүү батир алып албай, алыңарга карап алгыла. Турак үйдү кеңейтүү программасын да киргизгенбиз. Биринчи бир бөлмөлүү алгыла. Аны төлөп бүткөндөн кийин аны алмаштырып кеңейтүүгө мүмкүнчүлүгүңөр бар. Эки бөлмөлүүгө алмаштырсаңар болот. 2 бөлмөлүүнү төлөп бүткөндөн кийин анан 3 бөлмөлүүгө алмаштыргыла. Кыскасы бардык жеңил жана ыңгайлуу шарттарды түзүп бердик. Эми батир алгандар силер дагы кечиктирбей өз убагында төлөп тургула. Силер төлөгөн акчалар башка жакта жүрүп жаткан курулуштарды каржылоого кетет. Төлөмдү убагында төлөбөй, бир ай кечигип калсаңар эле МИК батирди алып, кезекте турган башка кишиге берип коет» деди президент.
“Ар бир мигрант өз мекенинде жашашы үчүн мамлекеттин бардык күчүн жумшап жатабыз. Ошондуктан ар ай сайын убагынан кечиктирбей төлөп, абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла”.
Ал эми кезеги алмашып кеткенине нааразы болгондорго президент Жапаров мындай жооп узатты:
“Ал эми кезекке туруу болсо электрондоштурулган. Аны аттап кетүү мүмкүн эмес. Ар ким өзүнүн кезеги кандай жылып жатканын көрө алат” деп айтты “Кабар” агенттигине 30-декабрда берген маегинде.
24-декабрда Садыр Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан жаңы «Мурас» турак жай комплексинин ачылыш аземи болду.
Сүрөт: president.kg