510 үй-бүлө жаңы батирге ээ болду. Президент «Мурас» комплексин ачты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 24-декабрда, президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында жайгашкан жаңы «Мурас» турак жай комплексинин ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин расмий сайты билдирди.
Өлкө башчы өз сөзүндө жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу жана жумуш орундарын түзүү мамлекет үчүн негизги артыкчылыктардын бири экенин баса белгиледи.
«Ар бир үй-бүлө өзүнүн жеке үйүнө ээ болууну кыялданат. Ошондуктан биз жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында ири долбоорлорду ишке ашырууну баштадык. Бүгүнкү ачылыш ошол долбоорлордун уландысы болуп саналат» деди президент.
Садыр Жапаров мурда бул жерде №47 колония жайгашканын, ал шаардан сыртка көчүрүлүп, бошогон жерге турак жайлар курулганын эске салып, бул кадам шаарды өнүктүрүүдө жана жарандардын турмуш шартын жакшыртууда чоң салым кошорун айтты.
Комплекстин биринчи этабында алты 18 кабаттуу үй курулуп, 510 үй-бүлө жаңы батирлерге ээ болду. Президент жаңы үйлөр жашоочуларга бакыт жана бейпилдик алып келсин деген тилектерин билдирип, бул комплекс мамлекеттик социалдык колдоонун ийгиликтүү үлгүсү болуп каларын кошумчалады.
Сүрөт: president.kg