“Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында курулган “Асман Резиденс-1” турак жай комплексинин салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, жаңы батирлердин ачкычтары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Башкы прокуратуранын, Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Чек ара кызматынын, Министрлер кабинетине караштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө тапшырылды.
Мамлекет башчы жыл аягына чейин өлкө боюнча 20 миңден ашуун батирдин курулушун аяктоо пландалып жатканын айтты. Ошентип, 20 миңден ашык үй-бүлө өз турак жайына ээ болот.
Учурда көлөмү болжол менен 2 млрд долларды түзгөн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын мындан ары көбөйтүү зарылдыгына токтолду.
Салтанаттуу ачылыштан кийин Президент Садыр Жапаров жаңы конуш ээлери менен баарлашып, батирлерди жана турак жай комплексинин жер алдындагы унаа токтотуучу жайын көрүп чыкты.
Турак жай комплекси 2,01 га аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Анын курулушу 2024-жылдын октябрь айында башталган.
Комплекс 11 блоктон турат жана 1 050 батирди камтыйт. Аймагында 551, анын ичинде 178 жер үстүндөгү жана 373 жер алдындагы унаа токтотуучу жай, ошондой эле балдар үчүн оюн аянтчалары каралган.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы




