Курултай делегаттары “Тууну өзгөртпөгүлө!” Биз каршыбыз!” деп кыйкырышты   

  • 4 месяца мурун

Экинчи элдик курултайдын делегаты Асанбек Абдыкапаров тууну өзгөртүү демилгеси тууралуу айтып келе жатканда, аны сөзүн жактырбай, делегаттар кол чаап, аны андан ары айттырбай коюшту   

“Өзүңөр билесиздер, биздин туубуз 1992-жылы кабыл алынган, ошондон бери талкуу күчөп келе жатат.. Бул күндүн нурубу же күн карамабы деп талашып жатышат. Жогорку Кеңеш бул маселени изилдеп, жакшы чечимин кабыл алат деп ишенем” деди делегат.

Бирок залдагы башка делегаттарга анын сөзү жаккан жок,  кол чаап, сүйлөтпөй коюшту.

Бишкекте өтүп жаткан экинчи элдик курултайга Кыргызстандын аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышууда. Курултай 15-16-декабрда болот.

29-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө байланышкан каражаттарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков ИИМ тарабынан кармалып, эки айга камакка алынды.

9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өттү..

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты