Айдоочулук күбөлүктөр убактылуу акысыз алмаштырылат
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров “Айдоочулук күбөлүктөрдү акысыз алмаштыруу боюнча убактылуу улуттук өнөктүктү өткөрүү жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Жарлык 2026-жылдын 15-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Улуттук өнөктүк өткөрүлүп жаткан мезгилде медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөндүгүн ырастоочу документти (083 формасы) берүү талап кылынбайт деп белгиленсин.
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор айдоочулук күбөлүктөрдү берүүнү жана каттоону өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзөт.
“Кызмат” мамлекеттик мекемеси улуттук өнөктүктүн алкагында айдоочулук күбөлүктөрдү жекелештирүүнү өзүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзөт.
“Учкун” ачык акционердик коомуна айдоочулук күбөлүктөрдү өзүнүн каражаттарынын эсебинен даярдоону жүзөгө ашырат.
“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомуна айдоочулук күбөлүктөрдү өзүнүн каражаттарынын эсебинен жеткирүүнү камсыз кылат.
Мурда колдонуу мөөнөтүн көрсөтпөстөн берилген айдоочулук күбөлүктөр улуттук өнөктүктүн алкагында алмаштырылган учурдан тартып күчүн жоготту деп табылат жана андан ары колдонулууга тийиш эмес деп белгиленсин.
Сүрөт: kenesh.kg




