Президент Жапаров IV элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого бардым деп калп айтканын билдирди

  • 2 месяца мурун

Президент IV элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого бардым деп калп айтканын Фейсбук баракчасында билдирди.

-Төртүнчү элдик курултайдын экинчи күнү – бүгүн, 26-декабрда, делегаттардын суроолоруна жооп бердим. Буга чейин делегаттардын бири тарабынан шайлоого байланыштуу суроолор берилген эле. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланышкан маселелерге токтолуп, добуш берүүгө жарандарыбыз активдүү катышпай жатканын да өкүнүч менен белгиледим. Ошону менен катар залга кайрылып, делегаттардын кимиси акыркы шайлоого барганын сурап, баргандары колун көтөрүүсүн өтүндүм. Бардыгы толук кол көтөрүштү. Бул түз эфирде да көрсөтүлдү. Камералар тартып атканын да алдын ала эскерткем.  Мени таң калтырганы жана бир аз капа кылганы өз аймактарынан шайланып келген делегаттардын айрымдарынын эч ойлонбостон туруп алдашканы болду. Борбордук шайлоо комиссиясы төртүнчү элдик курултайдын 71 делегаты шайлоого барбаганын тактап берди,-деди Жапаров.

Бишкек шаарында IV элдик курултай өз ишин жыйынтыктады. Иш-чара 25-26-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

Курултайга 690 делегат, анын ичинде чет өлкөлөрдө жашаган эмгек мигранттарынын, иний конфессиялардын өкүлдөрү катышты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты