Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн баарын алмаштыруу чечими кабыл алынды. Президенттин маеги

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде айдоочулук күбөлүктөр эмне себептен алмаштырылып жаткандыгы тууралуу суроолорго жооп берди.

-Эмне үчүн дегенде азыркы учурда деле кээ бир жарандарыбыз Россиядан жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү сатып алып, Кыргызстанга келип унаа айдап жүргөн фактылар бар. Ушуга байланыштуу, мамлекеттик деңгээлде бардык айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка расмий документтерди инвентаризациялоо, тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул иштердин негизги максаты мыйзамсыз колдонулуп жаткан документтерди толук аныктоо, тартип орнотуу, жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылуу жана мамлекетибиздин эл аралык аброюна шек келтирүүгө жол бербөө болуп саналат. Ошондуктан эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн баарын жаңысына алмаштыруу чечими кабыл алынды. Баса белгилей кетсем, жаңы үлгүдөгү документтердин коргоосу эң жогорку деңгээлде, аларды жасалмалоо мүмкүн эмес. Ушул себептен улам жарандарга “алмаштыргыла” деп айтаар элем,-деди президент Садыр Жапаров.

Президент “Түндүк” сервердик инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана модернизациялоого президенттик фонддон 122,5 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

Мындан тышкары, “Түндүк” платформасын модернизациялоонун 1-этабын өткөрүү максатында республикалык бюджеттен 9,5 млн сом бөлүндү.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты