Кыргызстанда орган донорлугу жана трансплантация боюнча эл аралык симпозиум өттү
- 3 недели мурун
10дон ашуун өлкөнүн алдыңкы окумуштуулары менен дарыгерлеринин башын бириктирген органдардын донорлугу жана трансплантациясы боюнча эл аралык симпозиум өттү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышуучулардын алдында трансплантологияны өнүктүрүү заманбап технологиялардын, инновациялык диагностикалык методдордун, эл аралык тажрыйба алмашуунун аркасында адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.
МинКаб төрагасынын орун басары акыркы жылдарда республикада жүргүзүлүп жаткан саламаттык сактоо саясатына токтолуп, саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо 2021-жылдагы 21,5 миллиард сомдон 2025-жылы 52 миллиард сомго чейин олуттуу көбөйгөнүн, медицина кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулаганын белгиледи.
Акыркы үч жылда мамлекеттин колдоосу менен жигердүү иштер башталды: республикалык бюджеттин эсебинен бөйрөк алмаштыруу боюнча 55 операциясы жасалды. Анын 42си Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, 13ү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалган. Ошондой эле мамлекеттин каржылоосу менен боорду алмаштыруу боюнча үч операция жасалды. 2024-жылы Кыргызстанда биринчи жолу жилик чучугун алмаштыруу операциясы ийгиликтүү болгон.
Ал ондогон кыргыз дарыгерлери трансплантология боюнча квалификациясын жогорулатуу үчүн чет өлкөлөрдөн билим алышканын белгиледи.
“Министрлер Кабинети трансплантология кызматын өнүктүрүүнү мындан ары да колдоого алат”деп жыйынтыктады ал.
Симпозиумда бөйрөк, боор жана жүрөк трансплантациясына заманбап ыкмалар, донордук, анестезияны башкаруу, иммунологиялык шайкештик, инфекциялык коопсуздук, трансплантациянын укуктук жана этикалык аспектилери талкууланды.
Балдардын трансплантациясын өнүктүрүүгө жана медициналык кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.
Сүрөт: gov.kg




