Айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруу мөөнөтү 31-мартта аяктайт

  • 2 месяца мурун

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү акысыз алмаштыруунун убактысы 31-мартта аяктайт.

Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор кабарлады.

1-апрелден тартып күбөлүктү алмаштыруу акысы 1 389 сомду түзөт. Жарандар бул документти 083 формасындагы медициналык маалымкатсыз 31-декабрга чейин алмаштыра алышат.

«Унаа» мекемесинин маалыматына караганда, күбөлүктү акысыз алмаштыруу акциясынын алкагында өлкө боюнча 335 миңден ашык күбөлүк жаңыртылды.

Мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн:

— төлөнбөгөн административдик жана муниципалдык айып пулдар болбошу керек;

— «Коопсуз шаар» боюнча айып пулдар алдын ала төлөнүшү зарыл;

— Кыргыз Республикасынын аймагында каттоодо болуу милдеттүү.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты