Курман айт маарек болсун! Куттуктоо

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, кыргызстандыктарды курман айт майрамы менен куттуктады.

“Курман айт – кылымдар бою ата-бабалардан калган диний жана улуттук руханий наркты, боорукердикти, кайрымдуулукту жана жоомарттыкты даңазалаган өзгөчө касиеттүү күн. Бул майрам адамзаттын дилинин тазалануусуна, бири-бирине болгон кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө жана ынтымакка чакырат. Бул күндөрү Кудай жолуна чалынган курмандыктар, тиленген бата-тилектер коомубуздагы өз ара сый-урматты арттырып, коомдук биримдикти чыңдоого кызмат кылат” деп айтылат куттуктоодо.

-Биз – ынтымакты туу туткан, кыйынчылыкта бирге болгон улуу жана куттуу журтпуз. Биздин эң башкы байлыгыбыз – Ата Мекенибиздин тынчтыгы менен элибиздин ынтымагы.

Ар бир үй-бүлөгө кут-береке, бейпилдик жана ынтымак-ырыс каалайм. Ата Журттан сырткары, алыс-жакында жүргөн бардык мекендештерибиздин, ошондой эле өлкөбүздөгү бардык мусулман бир туугандарыбыздын жүрөктөрүнө жылуулук, дилине тынчтык орносун.

Ушул күндөрү Мекке шаарында ажылыкта жүргөн жарандарыбыздын аруу-тилектери менен ажылыгы кабыл болсун.

Жараткан кутман жергебизге ырыскы, береке, бейпилдик жана туруктуулук берсин. Элибизди бөөдө кырсыктан, бөлүнүп-жарылуудан сактасын! Кыргызстаныбызда ар дайым бакубатчылык орноп, ар бир коломтодо токчулук менен молчулук өкүм сүрсүн!

Курман айт майрамыбыз маарек болсун!”

Бишкек шаарында быйылкы жылы курман айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулат.

Мурда маалымдалгандай, курман айт 27-майда болот.

Курман айт менен Меккеге ажылык зыярат кылуу жөрөлгөсү аяктайт. Бул күнү курмандык чалынып, арбактарга арнап куран окулат.

Курман айт намазы мурдагы жылдарда мечиттерде окулуп келген.

Иллюстрациялык сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты