Курман айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулат
- 3 недели мурун
Бишкек шаарында быйылкы жылы курман айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулат.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Мурда маалымдалгандай, курман айт 27-майда болот.
Айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана программасы да жарыя болду.
− 06:30 – 07:00 – Ыйык Куран аяттарын окуу жана дуба кылуу;
− 07:00 – 07:25 – Диний баяндарды жасоо;
− 07:25 – 07:30 – Айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча жамаатка түшүндүрмө берүү;
− 07:30 – Айт намазын окуу
26-май айбашы күн болуп эсептелет.
Курман айт менен Меккеге ажылык зыярат кылуу жөрөлгөсү аяктайт. Бул күнү курмандык чалынып, арбактарга арнап куран окулат.
Курман айт намазы мурдагы жылдарда мечиттерде окулуп келген.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




