Курман Айт учурунда өлкөдө 11 миңден ашык милиция жарандардын коопсуздугун камсыздайт
- 2 недели мурун
Эртең, 6-июнда, Курман айт күнү 11 миңден ашуун милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын аймагындагы мечиттерде жана ага жакын аймактарда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Курман Айт майрамына карата ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук жайларда тартипти камсыз кылышат. Жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда.
Майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп жаткан мезгилде мыйзамдуулукту сактоо, коопсуздук чараларын күчөтүү, ыкчам кырдаалды көзөмөлдөө жана тартипти камсыз кылуу боюнча кызматкерлерге көрсөтмөлөр берилди.
Эртең, 6-июнь, өлкөдө Курман айт майрамы белгиленет.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү