“Кумтөр” компаниясы “Учкун” басмаканасынын имаратына кайтып келди

  • 1 год мурун

“Кумтөр” компаниясы мурдагы ордуна, “Учкун” басмаканынын имаратына кайтып келип жайгашты.  

Көп жыл жайгашкан «Учкун» имаратынан «Кумтөр» тогуз ай мурда көчүп кеткен.

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө Министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Ал башка офиске көчкөн себебин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги түзүлгөндүгүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн» деп билдирген президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.

«Ал эми азыркы офисинде убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы офис курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан). Бир жылдын ичинде жаңы офисин куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду» деген Султанбаев.

«Кумтөр» компаниясы 2022-жылдын январынан июнуна чейин «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингин каржылоого 1,9 миллион доллар короткон. Бул тууралуу Эсеп палатасынын аталган ишкананын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейинки ишмердиги боюнча жүргүзгөн аудиттик отчетунда айтылат. Анын ичинде жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар короткон.

Алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталган.

«Кумтөр» компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов кызматтарынан четтетилди. 

Тенгиз Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында убактылуу камакка алынган.

Сүрөт: «Учкун» имараты. Интернет булактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты