Эрбол Султанбаев: «Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес»

  • 2 года мурун

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүк “Учкундагы” офисинен башка кеңсеге көчөрдө министрлер кабинети же президент менен макулдашкан эмес. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Ал башка офиске көчкөн себебин “Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги түзүлгөндүгүнө байланыштуу кызматкерлер эски кеңсеге батпай калгандыгы менен түшүндүргөн. Бир ай мурда бул окуя боюнча Президент Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү жүрүп, Теңгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген. Ошону менен бирге “Кумтөрдүн” гаражы жеке жактан мамлекеттик гаражга көчүрүлдү. Эми мындан ары ижара акысы мамлекетке түшүп турат. Мурда ижара акысын жеке жактар алып турган. Ал эми азыркы офисинде убактылуу иштешет. Анткени холдингге жаңы офис курууга Бишкектен жер берилди (борбордун түштүк тарабынан). Бир жылдын ичинде жаңы офисин куруп бүтүп, ал жакка көчүп кирүү тапшырмасы коюлду», — деп жазды Эрбол Султанбаев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты