2024-жылы “Учкунда” 770 миңден ашык паспорт даярдалган
- 1 год мурун
“Учкун” ачык акционердик коому 2024-жылы 770 103 паспорт, анын ичинде 359 221 жалпы жарандык паспорт жана 410 882 ID-карта чыгарган. Ошондой эле миллионго жакын нуска китеп басылып чыккан. Компаниянын салык төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 278 млн сомдон ашты.
Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта, президент Садыр Жапаровдун “Учкун” ачык акционердик коомуна (ААК) барган учурунда маалымдалды.
Мында күйүүчү майды маркировкалоо, акциздик маркаларды жана паспорт даярдоо боюнча өндүрүш процесси менен таанышты.
Акционердик коомду кыдыруу маалында мамлекет башчыга атамекендик ишканада кыргыз сомун чыгаруу башталганы тууралуу маалымат берилди.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев биринчи этапта майда номиналдагы купюралар басып чыгарыларын, бул жүгүртүүдөн алынчу эскилиги жеткен банкнотторду тез арада алмаштырууга мүмкүндүк берерин белгиледи.
Сүрөт: president.kg




