Бишкектин “Учкун” конушундагы эмерек цехинен ири өрт чыкты

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Учкун конушунда бүгүн, 28-майда эмерек жасоочу цехтен ири өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз борбору билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:34тө Октябрь райондук №7 бөлүгүнөн бир бөлүм, саат 16:02де Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм, андан кийин кошумча эки, жалпы 4 бөлүм жана штаб жеринде иш алып барды.

ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзөт.

Өрттүн себептери такталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты