«Кумтөрдүн» жетекчиси болуп Бузурман Суванов дайындалды
- 1 год мурун
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов кызматтан кетип анын ордуна Бузурман Субанов дайындалганы белгилүү болду.
Компаниянын сайтында Бузурман Субановдун ишкананын жетекчиси катары жаңы жылдык куттуктоосу жарыяланды. Анда “компания 2025-жылы президент Садыр Жапаров койгон бардык милдеттерди так жана өз убагында аткара турганы” айтылган. “Кумтөр Голд Компани” жетекчиси алмашканы тууралуу маалыматты ырастады.
Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Бузурман Субанов 2024-жылдын 30-декабрында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын эмгек жамаатына тааныштырылганын жазышкан.
Ачык булактарда Бузурман Субанов тууралуу дээрлик маалымат жок. “Кумтөрдүн” жетекчиси болгонго чейин “Кыргызалтын” ишканасынын төрагасынын орун басары болуп иштеп турганы гана белгилүү.
“Кумтөр Голд Компани” компаниясынын мурдагы президенти Алмазбек Барыктабасов 2022-жылдан бери иштеп келаткан.
Сүрөт интернет булактарынан




