Кубанычбек Кадыров, Марат Баязов Эрлан Бекчороев камакта калтырылды    

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши, жапырт баш аламандыкты уюштурууга айыпталгандардын бөгөт чарасы каралды. Бүгүн, 16-февралда, Кубанычбек Кадыровдун, Марат Баяовдун жана Эрлан Бекчороевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга, 20-апрелге чейин узартылды.

Ага чейин активисттер Айбек Бузурманкулов, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акматовдун камактагы мөөнөтү соттун чечими менен эки айга узартылган. Буга чейин саясатчылар Жеңиш Молдокматов,  Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Орозайым Нарматова, активисттер Чынгыз Капаров, Ильгиз Шаменов жана Таалайбек Мадеминов, Али Шабданн соттун чечими менен эки айга камакта калтырылган. 

Өткөн жылы 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты