Кемпир-Абад иши: Дагы бир катар саясатчылардын камак мөөнөтү узартылды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши, жапырт баш-аламандык уюштурууга шектелген бир катар саясатчылар менен активисттердин камактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узартуу чечимин кабыл алды.

Саясатчылар Жеңиш Молдокматов,  Кеңешбек Дүйшөбаев, активисттер Чынгыз Капаров, Ильгиз Шаменов жана Таалайбек Мадеминовдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды.

Ильгиз Шаменовго дагы жаңы айып тагылууда.   

Буга чейин Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Орозайым Нарматова, активист Али Шабдан соттун чечими менен эки айга камакта калтырылган.  

Өткөн жылы 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

“Кабар” агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен” деп айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты