«Крокустагы» теракт: Дагы бир шектүү кармалды

  • 4 недели мурун

Орусиянын Тергөө комитети «Крокус Сити холл» концерттик залындагы кол салуу боюнча дагы бир шектүү кармалганын билдирди.

Ведомство кармалган адам чабуулду аткарды делген адамдарды каржылоого тиешеси бар деп ырастоодо.

Тергөө комитети жаңы шектүүнү камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрыла турганын билдирди. Башка маалымат берилген жок.

Ведомство ошондой эле “Крокус Сити Холлго” кол салгандар менен украин улутчулдарынын ортосунда байланыш бар экендиги тууралуу далилдер алынганын билдирди.

«Тергөө теракт жасагандар Украинадан олуттуу суммада акча жана криптовалюта алганын тастыктады, алар кылмышты даярдоодо колдонулган» деп айтылат Тергөө комитетинин маалыматында.

Далилдер кармалгандардын техникалык жабдууларын экспертизадан өткөрүү жана алардын каржы операцияларын талдоо аркылуу алынганы белгиленди.

“Крокус Сити Холлго” куралдуу кол салуу 22-мартта болгон. Имараттагы 6 миңден ашык адамдын кеминде 143ү каза тапты. Бул окуяга «Ислам мамлекети» террордук уюмунун ооган канаты катышканын жарыялады. Алар ок аткандардын биринин денесине орнотулган камерадан тартылган чабуулдун видеосун жарыялашты.

Орусия президенти Владимир Путин бул иште Украинанын изи бар экенин айткан. Киев бул окуяга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

22-марттагы окуядан кийин Орусияда терроризм боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө комитети буга чейин 12 шектүү кармалганын билдирген. Алардын сегизи камакка алынганы белгилүү.

Тергөө комитетинин Украина “изине” байланыштуу билдирүүсүнөн кийин АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби муну “куру сөз жана пропаганда” деп атады.

“Өткөн аптада Москвадагы үрөй учурган кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” жалгыз жоопкерчилик алары анык» деди ал.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты