«Коррупция менен күрөшүүнү уланта беребиз». Болот Темиров кайрылуу жасады

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темиров өзүнө карата жаңы кылмыш иштеринин козголушу боюнча чукул кайрылуу жасады.

Журналист өзүнө карата коюлуп жаткан айыптоолорду абсурд деп атап, анын эч кандай келечеги жок экенин айтты.

«Азыр мага кылмыш ишин козгоп, мени жана командамды ар тараптан кыскан адамдардан эмнем менен айырмаланам? Мен аларга ачууланбайм, алар сыяктуу кимдир бирөөдөн өч алуу үчүн иштебейм. Анткени мен жеке кызыкчылыгым тууралуу ойлонууну эчак эле токтотком. Мага ким тоскоолдук жаратып, алдап, ачуулантам десе терең жаңылышат. Мен үчүн маанилүү болгон нерсе — элибиздин алданбоосу, тонолбошу. Кыргызстанды өнүктүрбөй кармап жаткан нерсе коррупция менен уурулук экенин жакшы билем. Мен жана менин командам коррупция менен күрөшүүнү уланта беребиз. Бизде Сингапур, Малайзия өлкөлөрү менен катарлаш өнүгүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн жогорудагы адаттарды жеңишибиз керек. А бийлик болсо бүгүн мени менен алектенүүдө. Бул кылмыш иштерин козгоо менен алар биздин туура багытта бара жатканыбызды гана тастыктап жатышат. Чычалаган чын болот. Дагы бир жолу кайталайм. Эгер биздин иликтөөлөрдүн каарманы болгуңар келбесе, таза иштегиле!», — деп айтылат Темировдун кайрылуусунда.

Мурдараак Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берген. Маалыматка караганда, ал кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча шектелүүдө. Темиров Орусиянын жараны экенин билип туруп мыйзамды бузуп, жалган документтер менен Кыргызстан жарандыгын алганы, паспортун бир нече жолу алмаштырганы жана ошол документ менен бир нече ирет чек арадан өткөнү айтылат.

19-апрелде Болот Темиров өзүнө дагы үч кылмыш иши козголгонун маалымдап, муну бийликтин басымы катары баалаган. Журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган. 20-апрелде суракка чакырылган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштеген төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты