«Коммерциялык эмес уюмдар» тууралуу мыйзам долбоору ЖК комитетинин күн тартибинен алынды

  • 10 месяцев мурун

27-июнда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинде каралат делген ”Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбоору күн тартибиндеги кароодон алынып салынды.  

Парламенттин профилдик комитетинин 27-июндагы күн тартибинден аталган мыйзам долбоору алынып салынганы белгилүү болду.

Буга чейин укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 27-июнда биринчи окууда каралат деп белгиленген.

19-майда “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.  Мыйзам долбоорун Надира Нарматова, Шайлообек Атазов, Шайырбек Ташиев баштаган Жогорку Кеңештин отцздай депутаты алып чыгышкан. 

Эксперттердин пикиринде аталган мыйзам долбоору: 

— коммерциялык эмес уюмдарды каттоо процедурасын өзгөртүүгө;

— мамлекеттик органдар тарабынан кошумча көзөмөлдү киргизүүгө;

— “чет элдик өкүл” түшүнүгүн киргизүүгө;

— жарандардын жекелигине жана укуктарына шек келтирген коммерциялык эмес уюмдар менен «чет элдик өкүлдөргө» кылмыш жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган.

Юристтер аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери коммерциялык эмес уюмдарга чет элдик өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм жана өлкөнүн саясий ишмердүүлүгүнө кийлигишип жаткан уюм катары жаңы укуктук статус киргизип жатканын белгилешет. 

“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери дагы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна кеңири анализ жүргүзүп, анда өлкөнүн Баш мыйзамы жана эл аралык укуктук документтер менен корголгон адам укуктары менен биригүү эркиндигине карата “катаал укуктук көзөмөл” киргизилгенин билдиришти. 

Кыргызстандагы коомдук уюмдар жана жарандык активисттер бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну талап кылган петицияга кол топтой баштады.

Жогорку Кеңештин депутатттар Шайлообек Атазов, Таалайбек Масабиров, Таалайбек Сарыбашов, Мейкинбек Абдалиев “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартты. Ошондой эле Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев, Бактыбек Чойбеков да демилгечилер катарынан чыккан.    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты