“Чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзам долбоору 27-июнда комитетте каралат

  • 11 месяцев мурун

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун 27-июнда биринчи окууда карайт.

Парламенттин сайтындагы маалыматта комитет жыйынында мыйзамдын демилгечиси жана автору Надира Нарматова баяндама жасай турганы жазылган.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Мыйзам долбооруна ылайык, «чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм» деген түшүнүк киргизилип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт.

«Чет өлкөдөн, эл аралык уюмдардан каржыланган жана чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандагы саясий иштерге катышкан бейөкмөт уюм эми чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткаруучу коммерциялык эмес уюм» деп аталат.

Демилгеленип жаткан мыйзам долбоору Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдардын ишмердигин чектейт деген жүйө менен бир катар эл аралык уюмдар, элчиликтер, медиа уюмдар, бизнес коомчулугу жана жарандык коом бийликти мыйзам долбоорун четке кагууга чакырып, кайрылуу-билдирүүлөрдү жасаган. Апта башында Кыргызстандагы коомдук уюмдар жана жарандык активисттер бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну талап кылган петицияга кол топтой баштаган.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган «чет өлкөлүк өкүл» тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы жоболор бар экенин айтып чыгышты.

«Адилет» укуктук клиникасы мыйзамды талдап чыгып, анын 98% Орусиянын «Чет элдик агенттер» мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты