Колуна укол сайып уктаткан. Орхан Инандыны уурдоонун айрым учурлары айтылды

  • 2 года мурун

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Кыргызстанда уурдалып, бир айдан кийин Түркияда табылган “Сапат” билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандынын уурдалышына байланыштуу айрым деталдарды “Фейсбук” баракчасында бөлүштү. 

Ал өзү бөлүшүп жаткан маалыматтарды Инанды Түркиядагы жактоочусуна айтып бергенин белгилеген.

Токтакунованын билдирүүсүнө караганда, Орхан Инанды 30-майда саат 23:00 чамасында үйүнө бара жатканда өздөрүн милиция катары тааныштырган үч адам (алардын экөө кыргыз) тарабынан уурдалган. Алар Инандыга аны милиция бөлүмүнө алып барышарын айтышкан. 

Жактоочу Инандынын колу Бишкекте жаңы уурдалган кезде эле сынганын жазган.

Алардын бирөө бутунан, бирөө башынан кармаган. Каршылык көрсөткөн учурда сабашкан. Машинага салып жаткан учурда бут кийими жерге түшүп калган. Мындан тышкары чөнтөгүндөгү буюмдардын баарын алып коюшкан. Жанында Жавшан аль-кабир (китеп — ред.) жана капчыгы гана калган.

Токтакунованын айтымында, Инандынын божомолу боюнча аны Бишкектен Кара-Балтага алып барып, башка унаага — Жипке салышкан. Жеңил машинадан түшкөндө алгач колуна укол сайышкан. Экинчи унаага отургандан кийин көзүн скотч менен таңып, колуна пластик кишен тагышкан. Бул жолу унаадагылар Инандынын жанындагы китеби менен капчыгын дагы алып коюшкан. Андан соң Инанды уктап калганын айткан.

“Андан кийин уктап калдым окшойт. Бейтааныш үндөрдөн улам туннелден өттүк окшойт деп ойлодум. Сол жагымда отурган киши кыргызча “кабатырланба, баары жакшы болот” деп айтты”, — деп Инандынын сөздөрүнөн цитата келтирет Токтакунова. 

Инандынын божомолу боюнча, алар түштүк тарапка барышкан. Ал жактан аларды үчүнчү унаа — Мерседес күтүп алган. Унаанын ичинде айдоочу жана дагы бир адам болгон. Андан соң дагы бир киши келип Инандынын жанына отурган. Мерседес менен жарым саат жол жүргөндөн кийин бир сааттай токтоп, андан соң жолун улашкан. Бул жолу 1,5-2 сааттай жол жүрүшкөн.

«Андан кийин ошол эле унаа менен эч кандай текшерүүсүз чек арадан өтүшкөн. Бул Жалал-Абаддагы бажы пункту болушу мүмкүн”, — деп жазат жактоочу. 

Ал жерден дагы 1,5 саат жол жүргөн соң машина аба майданына келип токтогон.

“Унаадан түшкөндө жанымда турган киши “Мустафа деген жигитти тааныйсыңбы?” деп сурады, мен “тааныбайм” дедим. Алар мага башка бут кийим кийгизишти.

Божомолум боюнча, түшкү саат 2-3төрдө учакка отурдук. Учакка киргенде кимдир бирөө “Түркия Республикасына кош келдиң” деп айтты. Андан кийин желкеге уруп, “кир” деди. Ошол эле адам “тизелеп отур” деп буйрук берди. Учак учуп бара жатканда дагы “отур”, “тур”, “жат” деген буйруктарды берип жатышты. Биз отургучка отуруп, коопсуздук курун таккан жокпуз. Бул 4-5 сааттык каттам болду ” — деп Инандынын сөздөрүнөн цитата келтирет Токтакунова.

Учак аэропортко конгондон кийин Орхан Инандыны унаага отургузушкан. Ал жактоочусуна аэропортто жарым саат гана болушканын, учактын үндөрүнөн башка эч нерсе укпаганын айткан. 

“Болжол менен 15-20 мүнөт жол жүрдүк. Андан кийин жер төлөгө окшош жерге токтоп, унаадан түштүк. Дагы 15-20 метрдей жөө басып барып, булгаары менен капталган, үстүнө жарык, камера жана динамик орнотулган бөлмөгө кирдик”, — деп билдирген Инанды жактоочусуна.  

«Бөлмөгө киргизгенден кийин ага башка кийим (ич кийим) беришкен. Ал ошол кийим менен 37 күн бою жүргөн. Аны алып келген адамдар ага мындан ары алардын бардык буйруктарын үндөбөстөн аткарышы керек экенин айтышкан”, — деп жазат Токтакунова. 

Жактоочу билдирүүсүн “Аны учакка отургузган учурдан тартып, сот тармагына өткөрүп бергенге чейин алардын аракеттери ыплас, адамдын абийирине шек келтирүүчү жаман сөздөр менен коштолгон”, — деп жыйынтыктаган. 

Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Инанды 31-майдын түнүндө жоголгон.  5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызматтар аны Анкарага алып барганын айткан.

Анкара прокуратурасы айыпталуучуну 15 жылдан 22,5 жылга чейин эркинен ажыратууну сурап жатат. Ага «Куралдуу террористтик уюмду уюштурган жана башкарган» деген айып тагылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты