“Кол тийгис адамдар жок. Баары мыйзам алдында бирдей”. БШК төрагасы кайрылуу жасады

  • 4 недели мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо өнөктүгүнүн бардык катышуучуларына кайрылуусу жасады.

“Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам бузууларга жол берген айрым талапкерлерге тиешелүү чараларды көрө баштады. БШК шайлоочулардын добушун сатып алуу, мыйзамсыз үгүт ыкмаларын колдонуу жана шайлоонун башка катышуучуларынын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген аракеттерге жол бербейт” деп айтылат кайрылууда.

“Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, талапкердин каттоосун жокко чыгарууга чейинки катуу чаралар көрүлөт.“Кол тийгис адамдар жок. Баары мыйзам алдында бирдей” деди БШК төрагасы.

БШК өз ыйгарым укуктарынын чегинде белгиленген эрежелерди бузгандарга карата — талапкерби, анын штабы болобу, же жалган жалаа тараткан адамдарбы — тиешелүү чараларды көрөрү эскертилди.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты